Урматтуу ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр)!
2022-жылдын 11-апрелинен тартып мектепке электрондук кабыл алуу башталат.
Мектепке электрондук кабыл алуу жыл сайын төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт:
— юридикалык жашаган жери боюнча – ушул жылдын апрель айынын экинчи дүйшөмбүсүнөн тартып, июнь айынын акыркы жумасына чейин.
Быйыл 11-апрелде саат 9:00 башталат.
— факты боюнча жашаган жери – ушул жылдын июль айынын биринчи дүйшөмбүсүнөн баштап, август айынын акыркы жумасына чейин.
http://mektep.edu.gov.kg/ «МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ЖАЗЫЛУУ» АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН МААЛЫМАТТЫК СИСТЕМА
«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштетилүүчү жеке маалыматтар
«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын, арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн, КРнын жаранын жана чет жердик жарандын жеке маалыматтары иштетилет:
- Аты-жөнү (баланын жана арыз берүүчүнүн);
- Баланын жынысы;
- Баланын туулган күнү, айы, жылы (мындан ары — датасы);
- Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
- Жашаган жеринен алынган маалымадамага туура келген жашаган жеринин адреси;
- Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук адреси
5-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
- ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
- Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
- Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
- 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
- Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).