Новости

Бүгүн мектеп-гимназияда «Жаратылыш жан досум» аттуу биология сабагы боюнча декада жыйынтыкталып, аны мектеп-гимназиянын биология мугалими Качкымбаева А.Т. жетектеди.
27.04.2022 41
Чүй облустук мектеп-гимназиясына «Адам оркестр» — Курмангазы Азыкбаев келип, окуучуларга өзүнүн акыл-насаатын, ийгиликке жетишүүнүн жолдору жөнүндө айты берип, чакан концерт берди. Иш-чарага 5-11-класстардын окуучулары катышышты.
26.04.2022 40
Бүгүн 22-апрель Эл аралык Жер күнү жана 2021-2022-жыл — «Тоолорду коргоо, климаттын туруктуулук жылына» карата география мугалимдери Түмөнбаева Г.У. жана Орозалиева Г. иш-чара өткөрүштү. Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлүп доклад, көркөм окуу, обондуу ырлар жана макеттердин көргөзмөсү, аларды коргоо менен коштолду.
20.04.2022 41
Мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн Республикалык олимпиадасынын III-этабында география сабагы боюнча 1-орунду Ажиматов Амантур, биология сабагы боюнча 2-орунду Төрөбеков Баэл ээлеп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн I- II-даражадагы Диплом жана акчалай сыйлыктарды алышты.
03.03.2022 47
23-февраль — Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектеп-гимназияда чакан иш-чара уюштурулуп, ага мурунку бүтүрүүчү, “Тажик-Афган чек арасындагы тынчтыкты орнотуу” коомдук бирикмесинин ардактуу ардагери Кыдыргычев Максатбек Омурбекович катышты.
23.02.2022 53
Мектеп-гимназиянын мурунку бүтүрүүчүсү, “Акыркы сабак”-киносериалынын каарманы Бахтияр Шаршембеков келип, кинонун тартылышы, андагы көтөрүлгөн жаштардын, мектеп окуучуларынын бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү жөнүндө окуучуларга айтып берди. Ошондой эле балдардын суроолоруна жооп берип, балдарды кесипти туура тандоого жана чыдамкайлыкка үндөдү.
22.02.2022 57
Коомдук ишмер, ProKG-профессионалдар клубунун мүчөсү Эмил Үмөталиев мектеп-гимназиянын 2020-21- окуу жылындагы ЖРТдан эң жогорку балл алган окуучуларга акчалай сыйлык жана сертификат тапшырды.
14.02.2022 40
Бүгүн Чүй облустук мектеп-гимназиясына 24 жыл толду. Мектеп-гимназиясында чакан иш-чара өткөрүлүп, мектептин эки мугалими Кылычова Айни Зариповна жана Түмөнбаева Гулзат Убалиевна “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери менен сыйланышты. Мектеп жамааты сыйлык ээлерине мындан аркы жаш өспүрүмдөрдү окутуп, тарбиялоо иштеринде ийгиликтерди каалашты. Чүй облустук мектеп-гимназиясы 1998-жылы 5-февралда ачылган. Мектеп-гимназия өзүнүн тарыхында көптөгөн окуучуларды келечекке даярдап, мыкты […]
04.02.2022 81