Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Чуй олустук мектеп- гимназиясы 1961-жылы Воронцовка (азыркы Таш-Добо) айылында мектеп интернат ачылган. Мектеп орус тилдуу болгон. Копчулугу малчынын балдары окушкан. Окуучулардын саны 320-350дой болгон. Окуу жайы 2 корпустан турган. Окуу корпусу жана жатакана корпусу. 1988- жылы мектептин атын Ысмайылбек Таранчиев атындагы мектеп-интернат болуп озгоргон.

1991- жылдын 1996- жылга чейин Билим беруу Министрлигинин жана Туркия мамлекетинин макулдашуулары менен Кыргыз-Турк лицейи ачылган. Мында кыргыз балдары турк тилин да окуй башташкан. 1996- жылы Кыргз- Турк лицейи Бишкек шаарына кочурулуп кеткен.

Коп жылдар ремонт болбогон имаратты ремонттоо иштери башталып, бирок окуу корпусуна каражат жетишпегендиктен, жатакана корпусуна гана уч миллион сомдук ремонт жургузулгон.

1997-жылдын 12- авгусунда Чуй облустук мамлкеттик администрациясы тарабынан зээндуу окуучулардын мектеп- гмназиясын ачуу боюнча токтом чыккан.

Натыйжада, 1998- жылы 5- февралында Чуй облусунун аймактарындагы зээндуу балдар учун интернат тибиндеги гимназия ачылган. Ал Чуй облустук мектеп- гимназиясы деп аталып, окутуу кыргыз тилинде жургузулгон. Окуу корпусуна ремонт болбогондуктан, окуу процесси жатакана корпусунун экинчи этажында жургузулуп жаткан.

2009-жылы гана окуу корпусуна ремонт иши жургузулуп, окуу процесси окуу корпусуна кочурулгон. 2010- жылы болсо жатакана корпусунун чатырына миллион сомдук ремонт жургузулгон.

Билим берүү уюмунун жетекчиси: Жусупова Бубукан Сыдыковна

Окутууну уюштуруу шарттары баардык балдарга, анын ичинде ден соолугунун мүнкүнчүлүгү чектелген балдарга негизги жалпы билим алууга жана 10-11 класстарда окуусун уланткысы келген окуучуларга орто билим алууга толук шарт түзүлгөн.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. (перспективдуу план, ПКУ)

2020-2021-окуу жылында. Окуучулар менен иш алып барууда акысыз ийримдер  иштейт.

158  окуучу кунуно 3 маал ысык тамак ичет.

Мектепте окуу- тарбиялоо процесинин жүрүшүнө бардык  шарттар түзүлгөн.

Мектепте азыркы тапта 13 класс кабинетте окуу жүргүзүлөт.

Дене-тарбия сабагынын өтүү үчүн Спорт зал бар.

Маданий массалык иш чаралар үчүн Актовой залы бар.

Мектеп окуу процесин жакшыртуу жана окуу материалдык базасын чындоо боюнча ар кандай эл аралык долбоорлор менен ата-энелер, камкордук кецеш, коомчулук, жергиликтүү озүн озү башкаруу бийлик органдары жана оноктоштор менен тынымсыз иш алып барат.

Окуучулардын ден соолугун текшерип көзөмөлдөө үчүн мед кароодон өткөрүлүп мектепке бекитилген мед айым иш алып барууда.

Мектеп-гимназияда санитайзерлер орнотулуп, антисептик каражаттары менен камсыз болгон.

Мектепте компьютердик класс каралган. Интернет булагы менен Кыргыз Телеком  тутамына кошулган.

Мугалимдер, окуучулар жана ата-энелерге жеткиликтүү тиркеме аркылуу электрондук журнал, күндөлүк системасы киргизилген.

 

Гимназиянын концепциясы

Бүгүнкү күндүн адамы жашоонун этаптарында бир нече кесиптик багытын өзгөртүүгө жана башка кесипти өздөштүрүүгө туура келүүдө.  Бул азыркы жаштарга «Жашоо үчүн билим алуу» чакырыгы «Өмүр бою  билим алуу» чакырыгына алмашууда. Ошого байланыштуу кызыктар тараптардын, керектөөлөрүн эске алуу менен, бүтүрүүчүнүн социалдык көндүмдөрүнүн моделине багытталган.

 

Гимназиянын миссиясы

«Улуттук этнопедагогиканы пайдалануу менен бирге окуучулардын билим сапатын жакшыртуу, алган билими, билгичтиги, көндүмдөрү аркылуу компетенттуу инсанды калыптандыруу».