«Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана «Манас» — улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу буйругунун негизинде Чүй облустук мектеп-гимназиясында 12-апрелде иш-чара өткөрүлдү. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Кылычова А. З. «Манас» — миңдеген жылдарга саймаланып калган кыргыз жаны» аттуу иш-чара даярдап, анда «Манастын» ар башка окуяларынан үзүндүлөр баяндалып, окуучулар хор менен «Манас» айтышты. Бул иш-чара боюнча окуучулар: «Эсибизде кала турган эң мыкты жогорку деңгээлдеги, абдан кызыктуу кече болду, «- деген ой-пикирин айтышты. Албетте, «Манас» түбөлүктүү жана урпактарыбыз үчүн мааниси зор.
Комментарии