Гимназиянын туулган күнү!
Бүгүн Чүй облустук мектеп-гимназиясына 24 жыл толду. Мектеп-гимназиясында чакан иш-чара өткөрүлүп, мектептин эки мугалими Кылычова Айни Зариповна жана Түмөнбаева Гулзат Убалиевна “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери менен сыйланышты. Мектеп жамааты сыйлык ээлерине мындан аркы жаш өспүрүмдөрдү окутуп, тарбиялоо иштеринде ийгиликтерди каалашты.
Чүй облустук мектеп-гимназиясы 1998-жылы 5-февралда ачылган. Мектеп-гимназия өзүнүн тарыхында көптөгөн окуучуларды келечекке даярдап, мыкты билим берүү майданында үзүрлүү иштеп келе жатат. Акыркы 3 жылдын ичинде мектеп окуучулары Республикалык олимпиадада 2орун, Алтын Тамгада 1орун жана ЖРТ да 6 окуучу эң жакшы ийгиликтерге жетишишти. Мектепте 21 мугалим, 12 тарбиячы эмгектенет. Мектеп-гимназияда 21 мугалимдин 12 мугалими “Билим берүүнүн мыктысы”, 1 мугалим педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, 1 мугалим бир нече илимий эмгектердин, макалалардын ээси. Мектептин директору Жусупова Бүбүкан Сыдыковнанын 3 китеби, 1 окуу программасы жана тарбия багытындагы бир нече макалалары жарык көргөн.
Комментарии