Новости

«Манас» эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана «Манас» — улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу буйругунун негизинде Чүй облустук мектеп-гимназиясында 12-апрелде иш-чара өткөрүлдү. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Кылычова А. З. «Манас» — миңдеген жылдарга саймаланып калган кыргыз жаны» аттуу иш-чара даярдап, анда «Манастын» ар башка окуяларынан үзүндүлөр баяндалып, окуучулар хор менен […]
12.04.2023 68
Чүй облустук мектеп — гимназиясында «23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата» жарыяланган айлыктын алкагында төмөндөгүдөй иш-чаралар аткарылды. 1. Кыргыз тилине арналган дубал газеталар чыгарылды. 2. Окуучулар китепчелерди, буклеттерди, ар кандай көргөзмөлөрдү жасашты. 3. » Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга» темасына дилбаян, рефераттар жазылды. 4. Окуучулар арасында эне тилге арналган ырларды көркөм […]
07.10.2022 94
Мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн Республикалык олимпиадасынын III-этабында география сабагы боюнча 1-орунду Ажиматов Амантур, биология сабагы боюнча 2-орунду Төрөбеков Баэл ээлеп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн I- II-даражадагы Диплом жана акчалай сыйлыктарды алышты.
03.03.2022 132
23-февраль — Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата мектеп-гимназияда чакан иш-чара уюштурулуп, ага мурунку бүтүрүүчү, “Тажик-Афган чек арасындагы тынчтыкты орнотуу” коомдук бирикмесинин ардактуу ардагери Кыдыргычев Максатбек Омурбекович катышты.
23.02.2022 127
Мектеп-гимназиянын мурунку бүтүрүүчүсү, “Акыркы сабак”-киносериалынын каарманы Бахтияр Шаршембеков келип, кинонун тартылышы, андагы көтөрүлгөн жаштардын, мектеп окуучуларынын бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү жөнүндө окуучуларга айтып берди. Ошондой эле балдардын суроолоруна жооп берип, балдарды кесипти туура тандоого жана чыдамкайлыкка үндөдү.
22.02.2022 130
Коомдук ишмер, ProKG-профессионалдар клубунун мүчөсү Эмил Үмөталиев мектеп-гимназиянын 2020-21- окуу жылындагы ЖРТдан эң жогорку балл алган окуучуларга акчалай сыйлык жана сертификат тапшырды.
14.02.2022 121
Бүгүн Чүй облустук мектеп-гимназиясына 24 жыл толду. Мектеп-гимназиясында чакан иш-чара өткөрүлүп, мектептин эки мугалими Кылычова Айни Зариповна жана Түмөнбаева Гулзат Убалиевна “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери менен сыйланышты. Мектеп жамааты сыйлык ээлерине мындан аркы жаш өспүрүмдөрдү окутуп, тарбиялоо иштеринде ийгиликтерди каалашты. Чүй облустук мектеп-гимназиясы 1998-жылы 5-февралда ачылган. Мектеп-гимназия өзүнүн тарыхында көптөгөн окуучуларды келечекке даярдап, мыкты […]
04.02.2022 133